• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Президент Сооронбай Жээнбеков Таласты кыдырууда (видео)

12 Теке 2018 12:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.07.2018. Govori.TV
Президент Сооронбай Жээнбеков Талас районундагы сапарын «Манас-Ордо» улуттук комплексинен баштады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы сайтына жайгаштырды.
Мамлекет башчы Талас райнундагы Таш-Арык айылынын балдар бакчасынын курулушу жана Тараз-Талас-Суусамыр авто жолун реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.
Жумушчу сапарынын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айылы Шекерге барып, андагы «Чынгыз-Ордо» маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплексин куруунун жүрүшү менен таанышат.
Президент ошондой эле облустун тургундары менен жолугушат, агрардык, социалдык чөйрөлөрдөгү абал менен жана региондун транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштин жүрүшү менен таанышат.
Белгилей кетсек,  Таш-Арык айылындагы жалпы наркы 57 339 442 сомдук  140 орундуу балдар бакчасынын курулушу быйыл, 2018-жылы аяктайт.
Азия Өнүктүрүү Банкы донор болуп эсептелген Талас облусун бүт камтыган Тараз-Талас-Суусамыр автожолун реконструкциялоо долбоорунун 3-фазасы 2018-жылы аяктайт. Бул долбоордун кийинки 4-фазасы 2019-жылы башталат, анын алкагында Казакстандын Тараз шаарына чейинки жол реконструкцияланат.

Видео: Турмуш

Количество просмотров: 10