• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Президент судья Эльмира Сулайманованы ээлеген кызматынан бошотту

7 Бирдин айы 2020 19:25 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Эльмира Сулаймановага карата ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартип жазасын колдонуу тууралуу сунушун карап чыкты.

Судья Эльмира Сулаймановага карата тартиптик өндүрүштү козгоого КР Жогорку сотунун тартиптик чара колдонуу тууралуу сунушу негиз болуп, анда судья Эльмира Сулайманова «КР судьяларынын статусу жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамынын жана КР Судьясынын абийир кодексинин талаптарын сактабастан, мас абалында автоунаа башкарып бара жатып, жол-транспорт кырсыгын жасагандыгы, бул факт тиешелүү мамлекеттик органдардын протоколдору менен тастыкталгандыгы белгиленген.

КР Жогорку сотунун сунушун кароонун жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы судья Эльмира Сулаймановага карата судьялык кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартиптик чарасын колдонуу чечимин чыгарган.

Жогоруда жазылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-февралда, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушун колдоп, Сулайманова Эльмира Миталовнаны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуп, анын Жалал-Абад шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу Жарлыкка кол койду.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Количество просмотров: 429