• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Президент: Судьяларды тандоо кеңеши соттордун кесипкөйлүгүнө эмес, башка критерийлерге басым жасаган

11 Жалган куран 201915:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.03.2019.Govori.TV.

2016-2018-жылдар аралыгында мыйзамды бузгандыгы үчүн 10 судья кызматынан бошотулуп, 26 судья тартип жоопкерчилигине тартылган. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, мартта, Кыргыз Республикасынын судьяларынын XI курултайында айтты.

«10 судья боюнча Судьялар кеңеши же тартип комиссиясы тарабынан аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга Башкы прокуратурасына макулдук берилген.Соттун мыйзамсыз чечимдери элдин тагдырына, жалпы өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, келечек муундун коопсуздугуна терс таасирин тийгизет. Биз мындай көрүнүштөргө чекит коюшубуз керек. Бизде коом ачык. «Кыңыр иш кырк жылда билинет» десек, азыр кыңыр иш бир заматта билинет»,-деди президент

Экинчи, сот системасында кадр саясаты азырынча жакшы жолго коюла элек.

«Кадрдык потенциал жогорку деңгээлде болууга тийиш. Мындан ары судьялык кызмат орундарга талапкерлерди тандоонун сапаты жогорулатууга жатат. Сот системасына сабатсыз жана таза эмес адамдардын дайындалышына бөгөт коюу максатында тандап алуу тартибин катаалдаштыруу керек деп эсептейм. Алардын ичинен 32 талапкерди кайра кайтардым. Демек, талапкерлерди тандоодо Судьяларды тандоо кеңеши коюлган талаптарды сактабай, соттордун кесипкөйлүгүнө эмес, башка критерийлерге басым жасаган десек болот»,-деди президент.

Мындан сырткары курултайда Судьялар кеңешинин жаңы курамы шайланат.

«Тилекке каршы, буга чейин иштеп келген курам натыйжалуу иштерди жасай албады.Бардык багыт боюнча ишти активдештирүү үчүн бул тажрыйбадан жаңы курам сабак алат деп ишенем. Кийинки кеӊеш сот адилеттигинин сапатын арттыруу үчүн адилетсиз чечимдерди кабыл алууну болтурбоого жетишет деп ишенем. Ошондой эле сот адилеттигин жүргүзүү процессине кийлигишүүгө жол бербей жана сотко кысым көрсөтүү фактыларына бөгөт коюу зарыл. Мында Судьялар кеңеши судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча өзүнүн конституциялык ыйгарым укугун тиешелүү түрдө аткарууга тийиш»,-деп кошумчалады президент.

Количество просмотров: 16