• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Президент Сузактагы окуяда жабыркаган балдардан кабар алды

5 Бугу 20248:59 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-майда, Бишкектеги тез жардам балдар клиникалык ооруканасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда массалык иш-чара учурунда жүк ташуучу унаа тебелеп кетип жабыркаган балдардан кабар алды.Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, аталган окуяда жабыркаган балдардын абалы оор деп эсептелген ону кечээ, 3-майда, атайын борт менен Бишкекке жеткирилген.

Мамлекет башчысы дарыгерлер, балдардын ата-энелери жана коштоп келген туугандары менен баарлашты. Балдардын саламаттыгына кам көрүүгө эң мыкты дарыгерлерди тартууну, зарыл дары-дармектер менен толук камсыздоону тапшырды.

Количество просмотров: 106