• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Президент Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

27 Бирдин айы 2021 0:57 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 26-февралда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Баарлашуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоганды туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук, мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Президент Садыр Жапаров түрк тарапка 2020-жылы коронавирус инфекциясынын пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргызстан элине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына расмий киришкендиги менен дагы бир жолу куттуктап, Түркияга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Садыр Жапаров дагы Режеп Тайип Эрдоганды Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташууну арттыруу боюнча биргелешкен пландарды белгилешти.

Количество просмотров: 238