Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевди кайтарууну дагы күчөттү. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдиргенин «Азаттык» жазды.
“УКМКнын төрагасынын аткарган милдеттерин эске алуу менен аны кайтаруу мурда эле күчөтүлгөн. Азыр андан да күчөтүлдү”, — деген Аскат Алагөзов.