• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Президент: Улуттар аралык ынтымакты сактоо үчүн болгон күч аракетибизди жумшап жатабыз

20 Бирдин айы 2020 11:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-февралда Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин кезектеги жалпы жыйынына катышып, анда мамлекет башчы өлкөнү өнүктүрүү жана коомдогу ынтымакты бекемдөө боюнча актуалдуу маселелерге токтолду.

“Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жүрүп жатат. Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу дагы жасалып жаткан иштер чагылдырылып жатат. Улуттар аралык ынтымакты сактоо үчүн болгон күч аракетибизди жумшап жатабыз”, — деди өлкө башчы.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, өлкөнүн Президенти Жогорку Кеңештин жыйындарына чыгып сүйлөөгө укуктуу.

Количество просмотров: 61