• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Президент унааларды милдеттүү техникалык кароодон өткөрүүгө каршы

12 Бештин айы 202420:30 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүүнү киргизүүгө каршы экендигин анын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Бул демилгени мамлекет башчысы төмөнкү жүйөөлөрдүн негизинде колдобойт.

Учурда өлкөдөгү эски унаалардын саны азайган. Такси кызматын көрсөткөндөр автоунааларынын техникалык абалы жакшы болушуна биринчи кезекте өздөрү кызыкдар. Эң башкысы, милдеттүү түрдө техникалык кароону киргизүү бул функцияны өзүнө алган органда коррупциялык тобокелдиктерге жол ачышы ыктымалдыгы жогору.

Жогорудагыларды эске алуу менен Президент Садыр Жапаров техкароону кайра киргизүүнү караган мыйзам долбоорун коомдук талкуудан алып коюу сунушун берди.

Эске салсак, буга чейин унааларга техкароону кайра киргизүү сунушу коомдук талкууга коюлган эле.


Количество просмотров: 268