Өзбекстан менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр дээрлик аяктады. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан маалымат жыйында билдирди.
Тажикстан менен сүйлөшүүлөр уланууда, деди ал.
Президент чек араларды бекемдөө максатында чек арачылардын штаты көбөйтүлгөнүн, Коргоо министрлиги кайра түзүлгөнүн айтты.
Ош шаарында чек арачыларды турак-жай менен камсыз кылуу үчүн үч көп кабаттуу үйдүн курулушу аяктады. 2022-жылы дагы алты көп кабаттуу үй курулат, деп убада берди Жапаров.
Президент, ошондой эле куралдуу күчтөр үчүн бюджеттен бөлүнгөн каражатты көбөйтүү пландалууда, деп билдирди.