• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Президент жүрүм-туруму үчүн судья Оңолбековду кызматтан алды

3 Теке 2021 13:54 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарын бузгандыгына байланыштуу Оңолбеков Дамирбек Мадылбекович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотулуп, Чүй облустук сотунун судьясы ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
Судьялар кеңеши жүрүм-туруму талкууга алынган Чүй облустук сотунун судьясы Дамирбек Оңолбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу сунушун президентке берди. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.
7-июнда президент Садыр Жапаров катышкан сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелерин талкуулаган кеңештин жыйынында кызуу болуп иш бөлмөсүнө кире албай жаткан аткаминердин видеосу көрсөтүлгөн.

Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова тасмадагы адам Чүй облустук сотунун төрагасы экенин айткан.
Президент Жапаров тасмадагы судья «мас болуп ишке келди» деп сындаган.

Чүй облустук сотунун судьясы Дамирбек Оңолбеков видео чырынан кийин журналисттерге кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын айтты. Ал “Акипресс” маалымат агенттигине тасма бир жыл мурда дем алыш күнү тартылганын түшүндүрдү.
“Коронавирус пандемиясы күчөп турган учур болчу. Көпчүлүк кызматкерлер ооруп, үйүндө жаткан. Бардыгыбыз чыңалган кырдаалда иштеп жатканбыз. Азыр мен өз каалоом менен кызматтан кетүү тууралуу арызымды жаздым. Бул менин чечимим болду. Эч ким мени мажбурлаган жок”.

Оңолбеков мурда Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунун судьясы болуп иштеген. Ал Кыргызстандын тарыхындагы эң узак жана чуулганду апрель окуясын териштирип, 2014-жылы 25-июлда өкүм чыгарган. Анын негизинде мурдагы президент Курманбек Бакиев, иниси, Күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов өмүр бою сыртынан соттолгон. Курманбек Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев кызмат ордун мыйзамсыз таштап кеткен деп табылып, 10 жылга сыртынан кесилген. Ошол күнү жалпысынан 14 адамга өкүм угузган. 
Количество просмотров: 132