• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Президент Жапаров Катарда дүйнө чемпионатынын финалын көрүүдө

18 Бештин айы 2022 22:08 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровду футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык оюнуна Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани өзү чакырган. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Президент Жапаров Катар Эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин жеке чакыруусу менен Катарга иш сапары менен келди. Өлкө лидерлери акыркы убакта эки жолу көзмө-көз жолугушуу өткөрүштү. Биринчи жолугушуу Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында, экинчиси Астанада өткөн Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин алкагында өткөн. Бул жолугушуулардын жүрүшүндө Катардын Эмири Президент Жапаровду жеке өзү Катарга, анын ичинде 2022-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын финалдык беттешине чакырган. Учурда Катарда дүйнөнүн 30га жакын өлкөсүнүн лидери ардактуу конок катары жүрөт»,-деп жазды ал.

Белгилей кетсек, Жапаров бүгүн Катарга иш сапары менен кеткени кабарланган.

Количество просмотров: 355