• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Президент Жапаров: Өлкө боюнча жасалып жаткан иштерди ийне-жибине чейин айтып берем

19 Чын куран 2022 13:56 Бишкек Govori.TV

Өлкө боюнча жасалып жаткан иштерди ийне-жибине чейин айтып берем. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Жапаров иш сапардан келгенден кийин атайын маек берүүнү убада кылды.

«Иш сапардан келгенден кийин атайын маек берейинчи. Өлкө боюнча жасалып жаткан иштерди ийне-жибине чейин айтып берем. Эл-журттун башын айландырып, удургуткандарга жооп болсун. Алагды кылбай, тынч иштетесинерби туугандар?»,-деп жазган Жапаров.

Эске салсак, мамлекет башчы Садыр Жапаров президенттин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушуна капсула салган. 21 миң чарчы метр аянтты ээлеген жаңы Ак үйдүн чыгымын инвесторлор көтөрөт, бул үчүн аларга Бишкектен 16 гектар жер бериле турганы белгилүү болду. Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары өлкөдө экономикалык кыйын кырдаалда президенттин жаңы администрациясы курулуп жатканын сындап жатышат.

Количество просмотров: 305