• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Президент Жапаров өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп жаткан айымдар менен жолугушту

7 Жалган куран 2022 15:20 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-мартта, Аялдардын эл аралык күнүн утурлай өлкөнүн бардык аймактарынан келген ар кыл кесиптин өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга биринчи айым Айгүл Жапарова дагы катышканын президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы иш-чаранын катышуучуларын келе жаткан майрамы менен куттуктап, иштерине ийгилик, чың ден соолук жана үй-бүлөлүк бакыт каалады. Президент жолугушууга эл арасында кадыр-баркка ээ болуп, күнүмдүк турмушта чыныгы баатырдыкты көрсөткөн өз кесибинин мыкты өкүлдөрү чакырылганын белгиледи.

Аны менен бирге мамлекет башчысы ар бир адамдын жашоосундагы эненин ордун жана мээримин баса белгилеп, алар эч качан ыйлабай, көздөрү бакытка толуп турушун каалады. Өз кезегинде аялдар өздөрү тууралуу, жумуштан, турмуштан алынган окуяларды айтып беришти.

Аялдардын эл аралык күнүн белгилөөнүн урматына жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн иш-чаранын катышуучуларына президенттин энчилүү кол сааттары тапшырылды.

Количество просмотров: 219