• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Президент Жапаров расмий сапары менен Москвага келди

7 Бугу 2023 16:52 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда, расмий сапар менен Москва шаарына келди.

Мамлекет башчысынын учагы “Внуково 2” эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алды.

Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери флагштокторго илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.

Кыргызстан жана Россиянын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Эске салсак, расмий сапардын алкагында Мамлекет башчысы Россиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле Россиянын башка расмий өкүлдөрү менен да жолугушат, бир катар иш-чараларга катышат.

Количество просмотров: 162