• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Президент Жапаров: Улуттук банкта алтын сатып алуу үчүн кезекке тургандар көбөйдү

1 Жалган куран 2022 17:04 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүндөн баштап Улуттук банкта алтын сатып алууга кезекке тургандар көбөйгөндүгүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Мен кечээ кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, акчасы барларга (бизде, Кудайга шүгүр, чет өлкөлүк банктарда же үйлөрүндө акчасын сактаган жарандарыбыз көп). Акчаңарды алтын менен сактагыла, жүздөгөн жылдар бою алтын өз кунун жоготпойт дедим эле. Бүгүндөн баштап Улуттук банкта алтын сатып алууга кезекке тургандар көбөйдү. Туура кыласыздар, чет өлкөлүк банктарда же үйдө кагаз акча менен сактагандан көрө, алтын менен сактасаңыздар, жүз жылдан кийин болсо дагы күйбөйсүздөр. Сом менен доллар өз кунун жоготуп коюушу мүмкүн, ал эми алтын өз кунун эч качан жоготпойт»,-деп жазды ал.

Теги:
Количество просмотров: 289