• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Президент Жапаров Венгрияга барат

18 Баш оона 202318:08 Бишкек Govori.TV

 Президент Садыр Жапаров 20-августта Венгриянын Будапешт шаарына иш сапары менен барат.

КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдиргендей, Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен Венгриянын улуттук майрамына жана Жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк мелдешке (2023-жылдын 19-29-августунда өтөт) катышат.

«Аталган иш-чарага башка мамлекет башчыларынын да катышуусу күтүлүүдө. Иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара карым-катнаштын келечегин талкуулашат», — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Количество просмотров: 118