• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Президент Жапаров жаңы пост жазды

9 Үчтүн айы 2024 22:11 Бишкек Govori.TV

Ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салуу боюнча Жарлыкка кол койдум. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал белгилегендей, Жарлыкка ылайык ушул жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъектерди, бизнес-чөйрөнү мамлекеттик органдар тарабынан текшерүү иштери болбойт (кылмыш иши козголгон ишканалардан сырткары).

«Бул чара бизнес чөйрөсүнүн экономикалык иштерин турукташтыруу жана бизнес чөйрөсүн мамлекет тараптан колдоо максатында болуп жаткан айла. Кызмат адамдары негизсиз, экономикалык кылмышы аныкталбай туруп эле (жасалма, уюштурма арыздар менен) ишкерлерге текшерүүгө келген болсо, президенттин администрациясы аркылуу мага кайрылсаңыздар болот. Сөзсүз чара көрөбүз», — деп жазды өлкө башчысы.

Количество просмотров: 359