Президент Садыр Жапаровдун жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйыны болбойт. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Маалыматка караганда, Жапаровдун декабрь айында бир нече аймактык жана чет элдик иш сапарлары пландалган.
«15-16-декабрь күнү Элдик курултай болот. Ага катышат. Коомду түйшөлткөн суроолор, сын пикирлер баары ошол жерде айтылат. Андан кийин өкмөттүн жылдын жалпы жыйынтыгы боюнча отуруму өтөт», — деди Алагозов.
Белгилей кетсек, мамлекет башчысы өткөн жылы дагы маалымат жыйын өткөргөн эмес.