• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президент жаракат алган чек арачылардан кабар алды

4 Кулжа 2022 17:42 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-июнда Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде курал колдонуу менен катталган окуянын жүрүшүндө жаракат алган чек ара кызматкерлеринен кабар алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы жоокерлер менен баарлашып, алардын акыбалын сурап, тез арада сакайышын каалады.

Учурда бейтаптар адистердин көзөмөлүндө жана Улуттук госпиталда тийиштүү медициналык жардам алып, бардык зарыл диагностикалык изилдөөлөр жасалды.

Количество просмотров: 553