• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Президент Жээнбеков Азия оюндарына бара турган спортчуларга ийгилик каалады

7 Баш оона 2018 12:37 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 07.08.2018. Govori.TV.
Индонезияда өтүүчү VIII Азия оюндарына Кыргызстандын намысын коргого 120дан ашык спортучалр барат. Бүгүн «Ала-Арча» резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков аларды кабыл алып, спортчуларды салтанаттуу узатуу иш-чара өттү.
Мамлекет башчысы спортчуларга узатуу салтанатында аларга ден соолук, ийгилик каалап, Кыргызстанга жеңиш менен келишин күтөөрүн айтты.
«Мен силердин күйөрманыңар болом. Ар бириңер медаль тагынып, чемпион болуп, мекениңерге кайтып келишиңерди каалайм. Силер медалга татыктуусуңар. Тайманбай күрөшкө түшүп, жеңишке жетишүү биринчи кезекте спортчунунун духуна, демине байланыштуу болот. Айкөл Манас атабыздын кудуреттүү деми, күч- кайраты силердин ар бириңерде бар. Мен силерге ишенем, силерден үмүттөнөм»-деди өлкө башчысы.
Эскерте кетсек, Жайкы Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын 2 шаарында өтөт.
Количество просмотров: 23