• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Президент Жээнбеков “Ата мекен” жана “Республика” партияларына кайрылды 

18 Теке 2020 17:20 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июлда “Биринчи радиого” курган маегинде “Ата мекен” жана “Республика” партияларынын мүчөлөрүнө кайрылды.

Жээнбековдун пикиринде, аталган партиянын мүчөлөрү жана колдоочулары саясат менен ашкере алектенип, элди шайлоого байланыштуу маселеде адаштырып жатышат.

«Мен кайрылат элем, урматтуу «Ата мекен» жана «Республика» партиясынын квотасы менен дайындалган Борбордук комиссиянын мүчөлөрүнө. Ушул партиялардан шайланып, иштеп келген, иштеп жаткан депутаттарга ушул партиялардан кайра депутат болуп келем деген саясатчылар жана алардын күйөрмандарына айтаар элем. Саясат менен ашкере алектенип, элди шайлоого байланыштуу маселеде адаштырууну токтотууга чакырам. Бул Конституцияда каралган маселе. Жок дегенде ушундай кыйын кырдаалда жигитчилигиңерди көрсөтүп, саясий күрөштү мыйзам алкагында алып барууга үндөйм»,-деди Жээнбеков.

Количество просмотров: 4897