Бишкек.24.05.2019.Govori.TV.
Бизде ММК үчүн жабык тема жок десек болот, бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Шанхай кызматташуу уюмуна мүчө өлкөлөрдүн медиа-уюмдарынын өкүлдөрүнүнө билдирди.
«Бизде мамлекетибиз да, көз карандысыз да МККлардын күчтүү институту түзүлдү. Биздин өлкөдө прессага мамиле өзгөчө, ага ишенишет жана ага кулак кагышат. Анткени сөз эркиндиги жана журналистин позициясынын көз карандысыздыгы — биздин коомдун көптөн бери кармаган салты болуп калган», — деди президент.
Анын айтымында, пресса бизде жарандык коомдун жарчысы болуп, коомдук маанайды аныктап турат.
«Жарандар жана мамлекеттик бийликтин ортосундагы диалогдун ортомчусу болуп саналат. Бизде журналистердин аркасы менен бардык кабыл алынуучу чечимдер коомчулукта дароо маалым болуп турат. Эртели-кеч өлкөдө болуп жаткандын баарын адамдар ММКлар аркылуу билип турушат. Ошондуктан бизде ММК үчүн жабык тема жок десек болот’, — деп кошумчалады Жээнбеков.