• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Президент Жээнбеков каза болгон дарыгердин жакындарына көңүл айтты 

4 Бугу 2020 10:21 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын № 3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүм Көкүмбаеванын кайтыш болгондугуна байланыштуу анын жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Бишкек шаарынын № 3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүм Көкүмбаеванын коронавирус илдетинен дүйнөдөн кайтты деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул илдет менен күрөштө ак халатчан медиктерибиз алдыңкы сапта турушат. Илдетти жуктуруп алуу коркунучуна карабай, жабыркап жатышса да, өтө бийик каармандык жана тайманбастык менен жарандарыбызды өлүмдөн, оорудан сактап калышууда. Тилекке каршы, бул күрөштө ак халатчан дарыгерибизден айрылып отурабыз», — деп билдирген Жээнбеков.

Ал Жүзүм Көкүмбаева өзүнүн дарыгерлик милдетин толугу менен аткарып, көп жылдык эмгеги менен элдин саламаттыгына кызмат кылып, жүздөгөн жаштарга насаатчы болгондугун баса белгиледи.

«Жүзүм Көкүмбаеванын элеси ар дайым ар бирибиздин, анын колунда дарылангандардын, кесиптештеринин жана жакындарынын эсинде өчпөй, сакталат. Ак жүрөк дарыгерибиздин бир туугандарына, жакындарына жана балдарына жүрөктөн көңүл айтам, аза кайгысын тең бөлүшөм», — деп билдирген Президент Сооронбай Жээнбеков.

Количество просмотров: 55