• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Президент Жээнбеков парламентке 5-6 партиянын келишин каалайт

28 Аяк оона 2020 10:27 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков, 26-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациянын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде парламентте кандай  саясий күчтөрдү көргүсү келгени тууралуу суроого жооп берди.

Мамлекет башчысы баса белгилегендей, партиялык системасы өнүгүп, парламенттик демократия жолуна көп жылдар мурун түшкөн өлкөлөрдө бийликчил партия деп ачык айтышып, ачык күрөшүшөт. Бийликке болгон күрөштө жеңип келүүгө болгон аракетин жумшап, өлкө өнүгүүсү үчүн мына биз алабыз деп жоопкерчиликти алышат.

«Бизде да бара-бара партиялык система өнүгүп, партиялардын ачык-айкын программасы, лидерлери, мүчөлөрү такшалып, ошол тажрыйбага жетебиз деп ойлойм. Айтайын дегеним, эл аралык тайжрыбада бийликчил партия деген түшүнүктүн жаман жагы жок. Өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган программа, долбоорлорду бийлик парламенттин колдоосу жок жылдыра албайт да. Ошондуктан, бул туура эле түшүнүк. Тилекке каршы, биздин өлкөдө бийликке байланыштуу түшүнүктөр эл тарабынан негативдик маанайда кабылданып калган», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Буга байланыштуу Президент бийликке болгон ишенимди, элдин сый мамилесин кайтаруунун үстүндө иштөө зарылдыгын баса белгиледи.

«Албетте, буга жылдар керек, көп эмгек керек. Ал эми азыркы кырдаалдан алып караганда, ар бир партияда мамлекетчил позициясы күчтүү уул-кыздарыбыз бар, жок эмес. Парламенттин табияты ошондой. Сындашат, айрымдары популисттикке алдырышат. Бирок, мамлекет үчүн, эл үчүн маанилүү маселе  жаралганда, турмуш көрсөткөндөй, бардыгы эле өздөрүнүн мамлекетчил позициясын көрсөтүшөт. Биригип башташат», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал келе турган парламент деле ошондой болоруна үмүттөнөрүн билдирди.

«Анткени баары эле өзүбүздүн уул-кыздарыбыз да. Талаша турган эч нерсе жок. Мамлекетчил депутаттарыбыз көп болот деген менин терең ишеничим бар. Мен „тигил, бул“ деп партияларды атаганым туура эмес болуп калат, ачык үгүттөө болуп калат, аны билесиз. Бирок, парламентке 5-6 партиянын келишин каалайт элем деп айтат элем. Эмне үчүн дегенде бул өлкө үчүн керек, туруктуулук үчүн керек», — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы кошумчалагандай, ошол үчүн 9 пайыз эмес, 7 пайыздык босогону колдогондугунун негизги себеби дал ушул болгон — парламентке канчалык көп партия келе алса, бул өлкө үчүн утуш болот.

«Бул эми элибиздин колунда. Элибиз, биздин шайлоочуларыбыз кандай добуш берсе, ошондой жыйынтык болот. Биз ачык-айкын, таза шайлоону, буйруса, өткөрүп беребиз», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Количество просмотров: 128