• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Президент Жээнбеков Жамшитовду кабыл алды. Эмнелер тууралуу сөз болду?

13 Бугу 201918:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.05.2019.Govori.TV.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-майда өлкөнүн Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовду кабыл алды.

Мамлекеттик органдарда жана укук коргоо тутумдарында мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча 2018-жылы жана 2019-жылдын 1-кварталындагы прокуратура органдарынын күндөлүк ишмердиги жөнүндө маселелер талкууланды.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы жана 2019-жылдын 30-январындагы чечимдерин аткаруу, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот реформасы боюнча Кеңештин 2018-жылдын 17-майындагы жана 27-декабрындагы чечимдерин жана  “Сот реформасын жүргүзүүнүн алкагында көрүлүп жаткан айрым чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 22-майындагы Жарлыгын ишке ашыруу боюнча маалымат берди.

 Президент Сооронбай Жээнбеков мындан ары да мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү күчөтүүнүн, ошондой эле жаңы жазык-укуктук мыйзамдарда көрсөтүлгөн чараларды толук көлөмдө ишке ашыруунун маанилүү экенин белгиледи.


Количество просмотров: 14