• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Президент Жээнбековдун эки анализи тең таза чыкты

27 Кулжа 202019:44 Бишкек Govori.TV

Президенттик аппараттын кызматкерлеринен коронавирус илдети аныкталгандан кийинки президент тапшырган ПЧР-анализдин жыйынтыгы таза чыкты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева “Азаттыкка” билдирген.

Маалыматка караганда, мамлекет башчы биринчи тестти Москвадан Бишкекке учуп жатканда, экинчисин Бишкекке келгенден кийин тапшырган.

“ПЧР-анализдин экөө тең таза чыкты. Президент учурда өз алдынча обочолонуу шартында иштеп жатат”, — деп билдирген Толгонай Стамалиева.

Белгилей кетсек, 27-июнда президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев жана дагы сегиз кызматкер коронавируска чалдыкканы кабарланды. Жалпы аппараттын 17 кызматкери илдет жуктурган. 

Количество просмотров: 266