• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Президент жергиликтүү сотторго бир катар судьяларды дайындады

20 Чын куран 2021 18:56 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун дарегине КР Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Чүй жана Ош облустарынын кээ бир райондук сотторунун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн жалпысы 20 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Тийиштүү мамлекеттик органдардын талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарын эске алуу менен Садыр Жапаров судьялык кызматка 19 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Ал эми бир талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка бул талапкер боюнча материалды Кеңешке кайтарды.

Президент 19 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктарды чыгарып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди:

— Чүй облусу

Ысык-Ата райондук соту:

Садыков Урматбек Асанбекович;

— Ош облусу

Кара-Суу райондук соту:

Анарботоева Бүбүсара Рустамовна;

Сооронбаев Нурланбек Курманбекович;

Токтомаматов Кыялбек Жантороевич;

Араван райондук соту:

Сарыбаев Бакытбек Адилбекович;

Ноокат райондук соту:

Бодоев Абдимавлян Көкөнович;

Жусупбаев Шумкарбек Болотбекович;

Матраимов Бахтияр Шамшиевич;

Өмүралиев Бакытбек Эмилбекович;

Өзгөн райондук соту:

Абдыкаров Өткүрбек Сыдыкалиевич;

Артыкова Нуржамал Момунжановна;

Каримбаева Чолпон Маматеминовна;

Сарыбаев Омурбек Рыскулович;

Шаматов Улан Шайлообекович.

Ош шаардык соту:

Авазов Мирзат Абдисатарович;

Батырбеков Жаналы Мамытович;

Матисаков Кадырбек Монокбаевич;

Өмүрзакова Арапатхан Абдылдаевна;

Туманбаев Уланбек Бейшеналиевич.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Количество просмотров: 285