Президент Жээнбеков Темир Жумакадыровдун ата-энеси жана жубайы менен жолугушту
Президент Жээнбеков Темир Жумакадыровдун ата-энеси жана жубайы менен жолугушту
5 Тогуздун айы 201817:41 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.10.2018. Govori.TV
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-октябрда 2017-жылы октябрь айында курман болгон Темир Жумакадыровдун ата-энеси жана жубайы менен жолугушту.Бул туурасында КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Анда мамлекет башчысы Темир Жумакадыровдун туугандарына чын ниеттен көңүл айтты.
Президент Темир Жумакадыров жөнүндө эскерүүлөрү менен бөлүшүп, өлкөнүн Премьер-министри кезинде ал менен тыгыз байланышта иштешкенин белгиледи.
«Биз улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча көп иштештик, коррупцияга каршы күрөшүү маселелерин жана өлкөдө жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды талкуулачубуз», — деп белгилеген Мамлекет башчысы Темир Жумакадыров кийин вице-премьер-министр катары бул маселелер менен алектенгенин кошумчалады.
«Ал ата-эненин жакшы тарбиясын көргөн абийирдүү, акылы курч, мээримдүү адам эле. Өлкө үчүн иштегенге умтулчу», — деп белгиледи Президент.
Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшүү маселеси Темир Жумакадыровдун стратегиялык көз карашы болгонун өзгөчө белгиледи жана азыркы кезде өлкөнүн Коопсуздук кеңеши ал баштаган ишти улантып жатканын кошумчалады.
«Кеп мамлекеттик башкаруу системасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө болуп жатат. Бул ишти баштап кеткени үчүн мен ага ыраазымын», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.
Маектешүүнүн жүрүшүндө Темир Жумакадыровдун жубайы күйөөсүнүн ишин улантуу максатында анын ысымындагы коомдук фонд түзүлгөнүн белгиледи.
Темир Жумакадыровдун ата-энесине жана жубайына кайрылып, Мамлекет башчысы фонддун бардык демилгелерин колдоорун жана алар үчүн ар дайым эшиги ачык экендигин белгиледи.
Жагдайдан пайдаланып Президент Сооронбай Жээнбеков Темир Жумакадыровго ыйгарылган Жаматтык Коопсуздук Келишим Уюмунун II даражадагы Ардак белгисин анын ата-энеси менен жубайына тапшырды.
Ал эми Темир Жумакадыровдун туугандары өлкөнүн Президентине колдоо көрсөткөндүгү жана көңүл бөлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.
Эскерте кетсек, Темир Жумкадыров 2017-жылы 7-октябрь күнү эртең менен саат 07:30 чамасында Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Садовое айылындагы бөлүгүндө КамАЗ Тойота Прадо унаасын сүзүп, 10-15 метрге чейин сүрүп кеткен. Натыйжада Тойота Прадо унаасынын ичиндеги Темир Жумакадыров, анын жардамчысы жана айдоочусу каза болгон.
Жумакадыров Темир Курмангазиевич 2015-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы кызматындагы ишмердиги үчүн Жаматтык Коопсуздук Келишим Уюмунун II даражадагы Ардак белгиси менен сыйланган.