• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Президент ЖМК мыйзамы тууралуу: Же кол коем же каршы пикир менен артка кайтарам

5 Теке 202517:11 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш кабыл алган ЖМК мыйзамы тууралуу президент Кабар агенттигине комментарий берди.

Журналист президентке “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору учурда сиздин карооңузга келгени маалым. Журналисттер арасында бул мыйзам Жогорку Кеңеште сөз эркиндигине чектөө коюшу мүмкүн деген нормалар менен толукталып калды деп тынчсызданууларын айтышууда, деген сууроо жолдогон.

“Ал мыйзам менен тааныша элекмин. Таанышкандан кийин же кол коем же каршы пикир менен артка кайтарам”, — деп президент жооп берди.

Журналисттер аталган мыйзам долбоордо бир катар жоболор катаалдашканын билдирип, бул өлкөдө сөз эркиндигин чектөөнү күчөтөрүн айтууда. Мыйзам долбоорунун өкмөт сунуштаган варианты президент Садыр Жапаровдун сунушу менен журналисттердин катышуусунда кайра иштелип чыгып, парламентке берилген. Жогорку Кеңештин депутаттары Айбек Маткеримов, Илимбек Кубанычбеков, Эрнис Айдаралиев жана Советбек Рустамбек уулу бир катар сунуштар киргизишти.

Долбоордогу “Уставдык капиталында чет өлкөлүк салымдын үлүшү 50 пайыз жана андан ашык болгон Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлөр катышкан юридикалык жак жана өлкөнүн чегинен тышкары жайгашкан кайсы болбосун чет өлкөлүк юридикалык жак телекөрсөтүү уюмдарынын уюштуруучусу боло албайт” деген норманы алып салуу сунушталган.

Анын ордуна 8-берененин 3-бөлүгү катары “чет өлкөлүк жактарга жана жарандыгы жок адамдарга ЖМК түзүүдө менчик ээси катары чыгууда 35% ашкан юридикалык жактардын уставдык капиталындагы үлүштөрүнө уюштуруучу катары чыгууга, ээлик кылууга, башкарууга тыюу салынат”, — деп кошуу сунушталды.

Мындан тышкары 13-берененин 3-бөлүгү “Кыргыз Республикасынын юстиция органдары тарабынан каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып жалпыга маалымдоо каражаты катталды деп эсептелет” деген нормага “ушул күндөн тартып маалымат жайылтуу укугуна ээ болот” деген талап кошулган.

Жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо, кайра каттоо жана баш тартуу тартибин Министрлер кабинети белгилей турганы көрсөтүлгөн. Мурдагы долбоордогу “менчик ээси” деген сөздөр “уюштуруучу” деп өзгөртүлө турган болду.

9-беренедеги 1-бөлүк (“Кандай болбосун уюштуруу-укуктук формадагы жеке жак же юридикалык жак жалпыга маалымдоо каражатынын уюштуруучусу боло алат”) алынып салынды.

Количество просмотров: 115