• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Президент Жогорку Евразия экономикалык кеңештин отурумуна катышууда

25 Бештин айы 2023 22:43 Бишкек Govori.TV

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда, Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) отурумуна катышууда.

Жыйын Россиянын Президенти, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин төрагасы Владимир Путиндин төрагалыгы астында өтүп жатат, анын ишине Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары — Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышууда.

ЖЕЭКтин тар курамдагы отурумунун алдында Россиянын Президенти Владимир Путин Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин башчылары менен саламдашты. Андан кийин жыйын делегация мүчөлөрүнүн катышуусу менен кеңири курамда улантылат.

Отурумдун жүрүшүндө тараптар 2030 жана 2045-жылдарга чейинки мезгилде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн милдеттерин жана негизги багыттарын карап чыгышат.

Эскерте кетсек, Жогорку Евразия экономикалык кеңеши – Евразия экономикалык бирликтин жогорку органы.

Количество просмотров: 85