• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Президент жоокерлерди токмоктогон күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну тапшырды

10 Баш оона 201817:49 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 10.08.2018.Govori.TV.
Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевге 73809 аскердик бөлүктөгү мыйзамды жана тартипти бузууга алып келүү себептерин иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну тапшырды. Бул тууралуу президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Дамир Сагынбаев Мамлекет башчысына КР Куралдуу күчтөрүнүн Кургактагы аскерлердин 73809 аскердик бөлүгүнүн жоокерлерин аскердик кызматта шартталбаган жумуштарга тартуу жана ошондой эле айрым жоокерлердин денесине залал келтирген аскерлер ортосундагы уставдык эмес мамилелер фактылары боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү боюнча маалымат берди.
Кылмыш иши 2018-жылдын 18-июнунда Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 305–беренесинин 1-б. жана 2-б. 3-п. боюнча козголду.
Тиешелүү тергөө иш-чаралары өткөрүлүп, жыйынтыктары үстүбүздөгү жылдын август айынын башында даяр болгон сот-медициналык экспертизалар дайындалган.
Тергөө күнөөлүү адамдарды аныктап, учурда аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси каралып жатат.
Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевге мыйзамды жана аскердик тартипти бузууга алып келген, аталган аскердик бөлүктүн командачылары тарабынан жол берилген себептерин жана шарттарын дыкаттык менен иликтеп, бул сыяктуу фактыларды башка аскердик бөлүктөрдө болтурбоо үчүн алдын-ала чараларды көрүү тапшырмасын берди.
Мындан тышкары, Аскердик прокуратурага Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык күнөөлүүлөрдү кылмыш жообуна тартуу боюнча көрсөтмө берилди.
Количество просмотров: 25