• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Президентке караштуу башкаруу академиясына Жусуп Абдрахмановдун ысымы ыйгарылды

1 Бирдин айы 2022 16:38 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына (КРПМБА) белгилүү мамлекеттик ишмер Ж. Абдрахмановдун атын ыйгаруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылат.

Жарлык кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгына арналган мааракелик иш-чаралардын алкагында жана анын кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүгө жана калыптандырууга кошкон тарыхый зор салымын эске алуу менен иштелип чыккан.

Белгилей кетсек, Академиянын окумуштуулар кеңеши кыргыздын мамлекеттик жана саясий ишмери Ж.Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөөнү уюштуруу боюнча комитеттин демилгесин колдоп, ошондой эле чыгаан мамлекеттик ишмердин ысымын билим берүү мекемесине ыйгарылышы сыймык экенин билдиришти.

Жарлыкка ылайык, КРПМБА мындан ары “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы” деп аталат.

Количество просмотров: 114