• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жусуп Абдрахманов жөнүндө тасмага сынак жарыяланды

23 Чын куран 2018 16:15 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23.04. 2018. Govori.TV
Коомдук ишмер, кыргыздын көрүнүктүү коомдук-саясий  агартуучусу Жусуп Абдрахманов жөнүндө тасма тартуу үчүн сынак жарыяланды. бул тууралуу “Аскар Салымбековдун фонду” коомдук фондунан кабарлашты.
Анда белгилүү болгондой, сынактын максаты атамекендик киномотаграфисттерди чыгармачылык колдоого алуу жана Жусуп Абдрахмановдун баскан жолун даңазалоо болуп саналат.
“Сынакка катышуучулар режиссердук сценарийди, тасманын бюджетин жана кино жаратуу мезгилинин  иштиктүү планын биздин фондго жөнөтүшү керек. Жусуп Абдрахманов тууралуу тасманы Кыргызстандын  тарыхчылары менен “Кыргызфильм” киностудиясынын көркөм кеңеши сындан өткөрүп, кабыл алат”,
-деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, сынактын жыйынтыгы боюнча 2018-жылдын 1-июлунда жолугушуу болуп, катышуучулар өздөрүнүн эмгектерин коргоп бериши шарт.
Количество просмотров: 30