• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш түзүлдү

1 Чын куран 2021 11:13 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү максатында токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш түзүлсүн.

Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчиси:

— Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин, «Пробация жөнүндө», «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө», «Медиация жөнүндө», «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын колдонулушуна талдоо жүргүзүү жана Кеңеш үчүн тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топту бир жумалык мөөнөттө түзсүн;

— Кеңештин ишинин багыттары боюнча башка эксперттик жумушчу топторду бир айлык мөөнөттө түзсүн.

Кеңеш сот жана укук коргоо ишине, анын ичинде аткаруу өндүрүшүнө жана жазык-аткаруу системасына тиешелүү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча стратегиялардын долбоорлорун даярдасын жана кароого киргизсин.

Белгилей кетүүчү нерсе, Кеңеш аталган иш-максаттардын негизги багыттары боюнча сунуштарды даярдоо, ушул багыттар боюнча бардык мамлекеттик органдардын макулдашылган иш-аракеттерин, анын ичинде ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну камсыз кылуу максатында түзүлгөн кеңеш берүүчү жана консультативдик орган болот.

Кеңештин алдында тиешелүү сунуштарды даярдоо боюнча эксперттик жумушчу топтор түзүлөт.

Жарлык менен Кыргыз Республикасынын президентинин айрым актылары күчүн жоготту деп табылып, ага жараша Мамлекет башчысына караштуу Соттук реформа боюнча мурда түзүлгөн Кеңеш жоюлат.

Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин курамы:

Жапаров Садыр Нургожоевич — Кыргыз Республикасынын президенти, Кеңештин төрагасы;

Кеңештин мүчөлөрү:

Зулушев Курманкул Токторалыевич — Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;

Бакирова Нургүл Жакыповна — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча);

Садырова Чынара Идрисовна — Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Кармышаков Улукбек Тойчуевич — Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри –экономика жана финансы министри;

Керезбеков Канат Керезбекович — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Никитенко Наталья Владимировна — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Токтошев Эмил Токтакунович — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Ниязбеков Улан Омоканович — Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

Чынбаева Асел Рыспековна — Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Сатыев Медербек Асанбекович — Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары;

Базарбеков Замирбек Курамаевич — Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы, Кеңештин катчысы;

Райымкулов Билим Сардалбекович — Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Арабаев Автандил Анисович — Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жарандык укук жана адвокатура кафедрасынын профессору, юридика илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча);

Жакупова Чолпон Идиновна — «Адилет» укуктук клиникасынын директору (макулдашуу боюнча).

Количество просмотров: 115