• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Президентке кат жазган кичинекей Жанарбектин тилеги орундалды

24 Жетинин айы 2023 18:53 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровго кат жазган кичинекей Жанарбек Жайлообаевдин тилеги орундалды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жаранбек Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Коңорчок айылында ата-энеси, бир туугандары менен жашайт.

Апасына үй-тиричилик буюмдарын белек кылууну кыялданган Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинин 4-классынын окуучусу өлкө башчысына кат жазган.

Өспүрүмдүн тилеги орундалып, өлкө башчысынын тапшырмасы менен президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Жанарбек Жайлообаевдин апасы Кыял Мусаевага тиричилик техникаларын алып берди.

Белектерди бүгүн облус башчысынын орун басары Нурбек Сатаров дарегине жеткирип берди.

Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, бул үй-бүлө аз камсыз үй-бүлөлөрдүн катарына кирет. Жанарбектин атасы жана иниси бала кезинен майыптыгы бар.

Количество просмотров: 208