2024-жылы 15-февралда президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасында жарандардын жашырган мүлкүн легалдаштыруу мыйзамынын маанисин түшүндүргөн пост жазып, үлгү катары өзү да мүлкүн мыйзамдаштырганын мисал кылган. Жапаров Бишкектин Киев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттын сүрөтүн жарыялап, мурда башкаларга катталган мүлкүнүн бири экенин билдирди.
Жапаровдун айтымында, 2005-жылы курула башталган имарат 2010-жылы бүтүп, ошол кездеги «Ата-Журт» партиясынын штабы катары колдонулгандан бери иштебей эле турган. 2020-жылы президенттик шайлоодо штаб катары пайдаланылгандан кийин толук кандуу иштей баштаган.
Президент ушул жана башка 20 млн долларлык мүлкүн өзүнө каттатып, легалдаштыруу мыйзамы боюнча 1 млн сом мамлекетке төгүп берди.
Ал эми Экономика жана коммерция министрлигинин салык башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков учурда легалдаштыруу мыйзамы кандай иштеп жатканы жана канча адам өз мүлктөрү тууралуу толук маалымат тапшырганын айтып берди.
Маекти толугу менен төмөндөн көрө аласыз: