• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

«Президентти, бизди уят кылып жатасыңар». Депутат министрликтерди зекиди

13 Бирдин айы 2023 16:59 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-февралдагы Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында мамлекеттик контроль маселелери боюнча КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Анда депутат Балбак Түлөбаев министрликтердин ортосунда өз-ара карым-катнаш жок болуп жатканын айтып сынга алды. Депутаттын пикиринде министрликтердин өкүлдөрү мындай кадамы менен президентти жана Жогорку Кеңешти уят кылып жатышат.

Талкуунун жыйынтыгында айтылган сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун кароону эки жумага жылдырышты.

Количество просмотров: 86