• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президенттик аппарат Азамат Дыйканбаевдин кайрылуусуна үн катты

8 Кулжа 2021 12:42 Бишкек Govori.TV

Президенттик аппарат Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары – мурдагы санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаевдин кайрылуусуна жооп берди. Анда «Бул иштеги тараптар тергөөнүн жүрүшүн жана коомдук пикирди өздөрүнө ыңгайлуу болгондой бурмалабашы маанилүү. Компетенттүү органдар келип чыккан бардык жагдайларды эске алуу менен акыркы чекитти коюшу керек», деп айтылат.

Ири өлчөмдө пара талап кылууга шек саналып кармалган Азамат Дыйканбаев адвокат Кайсын Абакиров аркылуу президентке 7-июнда ачык кат жолдогон.

Ал “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыра турган кытайлык Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясы менен келишимди узартпай койгону үчүн камакка алынганын айткан.

Дыйканбаевдин жазганына караганда, келишимди узартууну суранып министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, президенттин Эрнис аттуу жардамчысы ага телефон чалган. Бирок кытайлык компания кепилдик акчаны төкпөгөндүктөн келишим узартылган эмес.

20-майда Азамат Дыйканбаев ири өлчөмдө пара талап кылууга шектүү катары кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына камалган. Андан эки апта мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалган эле.

Количество просмотров: 371