Президенттик аппарат министрликтерге жана ведомстволорго сунуштама жиберип, кызматкерлерге жумушка коомдук транспорт менен баруу боюнча сунуш кылды.
Ага ылайык, мамлекеттик кызматкерлер жеке унааларынан баш тартып, шейшемби жана бейшемби күндөрү коомдук транспорт менен жумушка баруусу керек.
Эскерте кетсек, буга чейин мэрия муниципалдык кызматкерлерге жумасына эки күн жеке унаа менен жүрүүгө да тыюу салган. Бул Бишкектин көчөлөрүндөгү унаа тыгындарын азайтуу максатында болуп жатканы кабарланган.