• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Азамат Дыйканбаев санариптик өнүктүрүү министри кызматынан бошотулду

20 Бугу 2021 19:28 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Дыйканбаев Азамат Абдилмаликович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри кызматынан бошотулду.

Эскерте кетели, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев ири өлчөмдө пара алып жатып кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалымат боюнча, Коопсуз шаар долбоорунун экинчи этабын ишке ашырган чет өлкөлүк компаниянын өкүлүнүн өтүнүчү боюнча, өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Кошумчалангандай, Азамат Дыйканбаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 121