• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Көр сатууга шектүү кызматкер кармалды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары пара менен кармалды

20 Бугу 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 20-майдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен төрт адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын экөө Бишкекте, экөө Чүйдө катталды.
Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 1729 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 361 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (193) жана Чүй облусунда (96). Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 101 580 адамга жетти. Бир күндө 320 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1567 адам жатат, дагы 2461 бейтап үйдөн дарыланууда.

АЗАМАТ ДЫЙКАНБАЕВ КАРМАЛДЫ
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев кармалды. Ал акча талап кылган деп шектелип жатат.
УКМК бүгүн, 20-майда билдирген маалымат боюнча, «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашырып жаткан чет өлкөлүк компаниянын өкүлүнүн арызынын негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Анда бул долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүнө байланышкан келишимди узартуу маселесин чечүү үчүн чоң суммадагы акча талап кылынганы айтылган.
А.Дыйканбаев бүгүн убактылуу камакка алынган. Анын баш коргоо чарасын Биринчи май райондук соту карайт.

СӨӨК КОЮУДАГЫ КОРРУПЦИЯ
«БАРУ» Мамлекеттик ишканасынын коррупциялык фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлайт. Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан системалык коррупциялык иштерге бөгөт коюуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаардык Мэриясынын «Бишкек маркумду акыркы сапарга узатуу кызматы» мамлекеттик ишканасындагы («БМАУ» МИ) туруктуу коррупциялык схема аныкталды
“Такталгандай, «БМАУ» МИ жеке кызматкерлери маркумду көмүү иш-чараларында аларды башка көрүстөндөргө коюлган деп каттоодон өткөрүп, расмий документтерди жасалма жол менен Чоң-Арык айылындагы Түштүк-Батыш көрүстөнүнө көмүүгө 1000дан 5000 АКШ долларына чейин акча каражаттарын сый акы катары алып жүрүшкөн. 2021-жылдын 18-майында КР УКМК сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын алкагында, маркумдун сөөгүн Чоң-Арык айылындагы консервацияланган көрүстөнгө коюу үчүн 40 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен «БМАУ» МИ кызматкери кармалды”, – деп айтылат билдирүүдө.
Кармалган «А.А.» КР УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын УКМК «БМАУ» МИ мындан ары мыйзамсыз иштерге катышкан кызматкерлерин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Тергөө иштери жүрүп жатат. Эске салсак, бекер жер тилкелеринин жоктугунан, 2021-жылдын 1-январынан тартып Түштүк-Батыш көрүстөнү жабылган.

Количество просмотров: 46