• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Президенттик аппараттын 8 кызматкеринен коронавирус аныкталды

26 Кулжа 2020 13:10 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын делегация курамында коронавирус жуктуруп алгандар аныкталгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын бардык кызматкерлери илдетке карата анализ тапшырышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирет.

Анализдердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын 8 кызматкеринде — байланышта болгон адамдарда коронавирус инфекциясы бар экени тастыкталды.

Белгилей кетсек, бул илдеттин мүнөзүн жана биринчи анализдеги күмөндүү учурларды эске алуу менен бардык кызматкерлер кайрадан анализ тапшырышат, ага жараша, жыйынтыктар өзгөрүшү мүмкүн.

Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык, илдет белгилери жок өтүп жаткандыгын эске алуу менен алардын баары үйдө обочолонууда болуп, дарыланышат.

Аппараттын көпчүлүк кызматкерлери алыстатылган тартипте иштөөсүн улантышууда.

Количество просмотров: 246