10-январда президенттик шайлоо менен референдумду утурлай, 11 миңден ашуун милиционер коомдук тартипти сактайт. Бул тууралуу ички иштер министри ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирди.
Анын айтымында, 5 миңден ашуун милиция кызматкери шайлоо тилкелеринде коомдук тартипти жана коопсуздукту көзөмөлдөйт.
Министр шайлоо өнөктүгү учурунда коомдук тартиптин сакталышы, мыйзамдуулукту сактоо жана ар кандай тартип бузууларга өз убагында мыйзам чегинде ыкчам чара көрүү керектиги боюнча тапшырмаларды берген. 8-январдан баштап ИИМ кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт. Алар шайлоо маалында коомдук коопсуздукту камсыздоого толугу менен даяр. Милиция кызматкерлерине коомдук коопсуздукту сактоого «Элдик кошуун» дагы көмөк көрсөтөт»,-деди Урмамбетов.
Эске салсак, өлкө башчыны тандоо 10-январда өтөт.