• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президенттик шайлоого катышуу үчүн 12 адам арыз берди

11 Жетинин айы 2020 10:43 Бишкек Govori.TV

Президенттик шайлоого аттануу үчүн Жеңишбек Байгуттиев БШКга арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Байгуттиев 54 жашта. Ал «Толубай» АКБ ЖААнын директорлор советинин кеңешчиси.

Буга чейин президенттикке талапкер болуш үчүн Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Абыкаар Сыдыков, Бектур Асанов, Сазыкбай Турдумалиев, Канатбек Исаев, Назарбек Нышанов, Кубан Чороев жана Нурлан Мотуев БШКга расмий арыз тапшырган. Шайлоого катышуу ниетин Конституциялык соттун мурдагы судьясы, “Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова да билдирген.

Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Талапкер болууну каалагандар 15-ноябрга чейин БШКга арыз берип, 7-декабрга чейин бир миллион сомдук күрөөнү жана керектүү документтерди тапшырышы керек.


Количество просмотров: 99