• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Садыр Жапаров алдыга чыкты

10 Үчтүн айы 202121:53 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо аяктап, алдын ала жыйынтыгы чыгарды.

БШКнын маалыматы боюнча жалпы 1 млн 381 миң 569 шайлоочу добуш берген. Ал жалпы шайлоочулардын 38,77%ын түзөт (сандар эсептөөгө жараша өзгөрүлөт).

Автоматтык эсептөө урналардын алдын ала маалыматы боюнча талапкерлер төмөндөгүчө добуштарга ээ болгон:

1. Садыр Жапаров — 79.24%;
2. Канатбек Исаев — 0.58%;
3. Мыктыбек Арстанбек — 1.68%;
4. Клара Сооронкулова — 0.99%;
5. Имамидин Ташов — 1.19%;
6. Рашид Тагаев — 0.00%;
7. Абдил Сегизбаев — 1.47%;
8. Адахан Мадумаров — 6.70%;
9. Аймен Касенов — 0.91%;
10. Улукбек Кочкоров — 0.68%;
11. Жеңишбек Байгуттиев — 0.09%;
12. Эльдар Абакиров — 0.50%;
13. Курсан Асанов — 0.50%;
14. Арстанбек Абдылдаев — 0.08%;
15. Равшан Жээнбеков — 0.19%;
16. Бактыбек Калмаматов — 0.51%;
17. Бабыржан Төлбаев — 2.35%;
18. Каныбек Иманалиев -0.18%;
19. Баарына каршы — 1.34%.

Количество просмотров: 70