Кыргызстанда 10-январдагы кезексиз президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыктары жарыялана баштады. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтындагы эсепке ылайык, Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда.
Электрондук үкөктүн автоматтык эсептөөсүнө ылайык саат 20:30дагы маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду. Андан кийин Адахан Мадумаров (7%дын тегерегинде) менен Бабыржан Төлбаев (2%дан көбүрөөк) келатат .
Ал эми мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумду «президенттик башкарууну» колдогондор көп — 80% тегерегинде.
Бул акыркы эсеп эмес, сандар улам жаңыланууда. Добуштар кол менен да эсептелинет.
Президенттик кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда добуш берчү кыргызстандыктардын саны 3 563 574 деп айтылган. Саат 18:00гө карата алардын 33% көбү катышты.