Президенттин алдындагы жарандык боюнча комиссиянын мурдагы жооптуу катчысы кармалды, деп билдирди бүгүн, 16-июлда Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы.
Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматы Түркиянын жарандарына Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз берүү фактысы боюнча Жазык кодексинин 319-беренеси (Коррупция) менен ачылган сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп жатат.
Шектүү А.Э. Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Тергөөчүлөр аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоону улантып жатат.