• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Президенттин администрациясынын бир катар түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери дайындалды

21 Бугу 202112:16 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын бир катар түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери дайындалды.

Мамлекет башчысынын жарлыктарына ылайык:

— Жанузаков Адилет Канатович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Сазыков Эркин Орозбекович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын талдоо иштери жана маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Бөрүбаев Назирбек Нарматович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.

Количество просмотров: 141