Президенттин Аппаратынын дагы тогуз кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Президентинин Аппаратынын 8 кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталгандан кийин, бардык кызматкерлер илдетке карата анализ тапшырышты.
«Алардын жыйынтыгы боюнча дагы 9 кызматкерден, анын ичинде Аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиевден дагы коронавирус инфекциясы бар экени тастыкталды»,-деп айтылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө Президенттик Аппараттын илдетке чалдыккан кызматкерлеринин жалпы саны 17 болду.
Алардын баары үй шартында обочолонуп, медиктердин кеп-кеңештерин алып жатышат жана алыстатылган тартипте иштерин улантышууда. Оорунун белгилери ар кимде ар түрдүү өтүүдө, абалдары канааттандырарлык.