• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Президенттин атын жамынып 44 миң доллар алган шектүү кармалды

10 Чын куран 2022 15:51 Бишкек Govori.TV

Бишкекте президент менен байланышы бар экенин айтып, шаар тургунунан 44 миң доллар алган шектүү кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, милицияга А.Т. аттуу шаар тургуну кайрылган. Жабырланган тараптын айтымында, «А» аттуу киши президент менен түз байланышы бар экенин айтып, «Сары-Өзөн» базарынан чоң жер участогун алабыз деп 44 миң доллар сураган. Акчаны алган соң убадасын аткарбай, белгисиз тарапка из жашырып кеткен.

Аталган факт Бирдиктүү реестрге катталып, Кылмыш кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринен кийин кылмышка шектелип 30 жаштагы А.А аттуу адам кармалып, ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Количество просмотров: 180